КММАда медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилешти
Университеттин жашоосу 6 1 Июль 2022

Бүгүн, 2022 – жылдын 1 июлунда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилешти. Иш-чаранын алкагында студенттер жана окуу жайдын кызматкерлери тарабынан майрамдык концерт уюштурулуп, куттуктоо сөзү Медакадемиянын ректору, профессор Индира Кудайбергеновага берилди.

Айта кетсек, иш-чарага Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешев катышып, адам өмүр сакчыларына ыраазычылык билдирип кетти.

Ошоной эле, медициналык кызматкерлерге ыраазычылык каты, грамота, медалдар тапшырылды.