КММАга Австриянын ачык медициналык институтунун аткаруучу директору келди
Университеттин жашоосу 0 23 Май 2023

2023-жылдын 22-майында Сателлиттик симпозиумдун алкагында Австриянын ачык медициналык институтунун аткаруучу директору Стафани Шафанг И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына келди.

Урматтуу конок эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Турниса Юсупованын коштоосунда окуу жайдын иши менен таанышып, биринчи кабаттагы залда жайгашкан Медициналык академиянын тарых музейине барды. Музей экспонаттары жана бүтүрүүчүлөрдүн альбомдору мейманды өзгөчө кубандырды.