КММАда таажылуу вирус тууралуу дарс окулду
Университеттин жашоосу 2 3 Февраль 2020

Жакында Медакадемиянын 3-4 жатаканаларында КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана окуу жайдын окутуучулары студенттерге таажылуу вирус тууралуу дарс окушту. КММАнын Саламаттык сактоо пуктунун башчысы, врач-терапевт Айжамал Султанованын айтымында, дарстын жүрүшүндө таажылуу вирустун белгилери, жугуу жолдору, кантип сактануу жана алдын алуу жөнүндө кенир айтылды. Буга окшогон иш-чаралар 2020-жылдын 10-12 февралында окуу жайдын башка жатаканаларында да өткөрүлмөкчү. Белгилей кетсек, жакын арада Медакадемияда кызамык боюнча эмдөө иштери жүргүзүлмөкчү.