КММАда Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө арналган конференция өтүүдө
Университеттин жашоосу 1 20 Май 2022

2022-жылдын 19-майынан 22-майына чейин И.К.Ахунбаев атындагы КММАда Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө арналган конференция өтүүдө.

Конференция кеңейтилген форматта практикалык үй-бүлөлүк дарыгерлердин, анын ичинде аймактардан келген, чет элдик коноктордун катышуусунда өтүп жатат: Арнольдас Юргутис (БДСУнун Борбордук Азиядагы алгачкы медициналык жардам борборунун кеңешчиси), профессор Луи Лутон (Женева Университети), доктор Ив Бейлер (Женева университети), ошондой эле КРСУнун, ОшМУнун, КММИиПКнын медициналык факультеттеринин өкүлдөрү, мындан тышкары Кыргыз медициналык ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой эле "Үй-бүлөлүк дарыгер" адистиги тууралуу маалыматты жакшыраак берүү максатында студенттер дагы катышууда.

    

Кечээ, 19-майда студенттерге жана ординаторлорго арналган илимий бөлүгү болуп өттү. Эртең, 21-майда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын СМПДО кафедрасынын базасында окутуучулар үчүн “Үй-бүлөлүк дарыгердин жана үй-бүлөлүк медайымдын командалык иши” темасында Сателиттик мастер-класс өткөрүлөт, ошондой эле кийинки финалдык күнү 1 км жана 3 км аралыкка чуркоо боюнча спорттук жарыш болот.

  

Биз калкты сергек жашоого чакырабыз!