КММАда “Урологиянын актуалдуу маселелери” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтүүдө
Университеттин жашоосу 0 29 Сентябрь 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 29-сентябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеевдин 95 жылдыгына арналган “Урологиянын актуалдуу маселелери” эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтүп жатат.

Конференциянын ачылышында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Гүлнара Баатырова сөз сүйлөп, өз сөзүндө академик М.Мамакеевди мааракеси менен куттуктап, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Андан соң Медициналык академиянын ректору, профессор И.Кудайбергенова, конференциянын уюштуруучусу, Кыргыз Республикасынын Урологдор жана Андрологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор, корреспондент-мүчөсү А.Усупбаев жана КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Т.Маанаев сөздү алды.

Конференцияга академиктер М.Мамакеев, Д.Кудаяров, М.Мамытов, Д.Адамбеков, Кыргызстандан жана коңшу өлкөлөрдөн алдыңкы эксперттер, дарыгерлер, окуу жайдын проректорлору катышууда.

Конференциянын алкагында илимпоздор менен дарыгерлерге М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургдар коомунун эстелик медалдары тапшырылып, андан соң урология боюнча баяндамачылар жана мастер-класстар пландалууда.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Урологдор жана Андрологдор Ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, КММАнын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын, ошондой эле М.М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун колдоосу менен урологдордун квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында өтүүдө.

Белгилей кетсек, конференциянын экинчи күнү 2022-жылдын 30-сентябрында Улуттук госпиталдын урология корпусунда өтмөкчү.