КММА бош орундардын жарманкесин – 2022 өткөрүүдө
Университеттин жашоосу 1 28 Апрель 2022

Бүгүн, 28-апрелде Кыргызстандын И.К. Ахунбаев атындагы КММАда 2022-жылдагы ординатуранын бүтүрүүчүлөрүнүн жарманкеси Республиканын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, КММАнын ректоратынын, облустардын социалдык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын жана аймактык координаторлордун катышуусунда онлайн жана оффлайн режиминде өтүп жатат.

Анын катышуучуларына КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова иш-чаранын ачылыш сөзү менен кайрылды. Ошондой эле, Саламаттык сактоа министрлигинин кадрлар жана медициналык билим берүү башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообековага КММАга сиңирген эмгеги үчүн юбилейлик медалын тапшырды.

Ал эми, Айгуль Бообекова өз сөзүндө жарманкени өткөрүүнүн маанилүүлүгүн, республиканын аймактарына медициналык адистерди тартуу, ошондой эле медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулагандыгын белгилеп кетти.

Андан соң өлкөнүн аймактарындагы медициналык уюмдарга жаш кадрларды ишке тартуу боюнча пикир алмашуу болду.

Белгилей кетсек, быйыл университетте 851 адам ординатураны аяктаса, анын 199у бюджеттик орундагылар.