КММАда Курсанттык бал болуп өттү
Университеттин жашоосу 1 21 Февраль 2023
Бүгүн, 2023-жылдын 21-февралында КММАнын жыйындар залында И.К. Ахунбаев атындагы Медициналык академиянын жыйындар залында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жыл сайын өтүүчү «Курсанттык балы» өттү.
 
 
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары жана И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттери вальс бийин алып чыгышты.
Окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенова жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун башчысы, полковник Канагат Уразбеков жалпы жамаатты келе жаткан майрамы менен куттуктап, баардык жакшылыктарды, ийгилик жана ден соолук каалап өтүштү.
 
 
Белгилей кетсек, иш-чаранын уюштуруучулары проректор Г.Жунушалиева жетектеген окуу жайдын тарбия иштери бөлүмү.