КММАда С.Б Данияровдун жаркын элесине арналган куратордук саат өткөрүлдү.
Университеттин жашоосу 29 Апрель 2024
2024-жылдын 27-апрелинде Мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында КММАнын фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасында “Дарылоо иши” факультетинин 2-курсунун 3, 17, 31-тайпаларынын студенттери менен Академик С.Б Данияровдун жаркын элесине арналган куратордук саат өткөрүлдү. Студенттер кыргыз тилинде жасалган билдирүүлөрүндө Санжарбек Бакировичтин Кыргыз Республикасында жогорку медициналык билим берүүнү уюштуруучу катары жана ата мекендик медицинанын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилешти. Иш-чаранын алкагында кафедрада жайгашкан музей менен таанышып, академик С.Б. Данияровдун кызы Асел Санжарбековна менен жолугушуу болду. Иш-чарага мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жооптуу А.К. Нартаева, доценттер З.Э. Эсенбекова, А.Б. Сайдылдаева, улуу куратор А.М. Адаева катышышты.