КММАда коронавирустун пандемиясына каршы күрөштө каза болгон дарыгерлердин жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү
Университеттин жашоосу 1 2 Июль 2023

Кечээ жакында медицина кызматкерлеринин майрамына карата КММАнын башкы имаратынын алдындагы аллеяда тургузулган Мемориалдын астында коронавирустун пандемиясына каршы күрөштө каза болгон дарыгерлердин жаркын элесине арналган митинг-реквием болуп өттү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда COVID-19 пандемиясынан 107 медицина кызматкери каза болгон.

Иш-чарага КММАнын ректору И.Кудайбергенова, медицина илимдеринин доктору, профессор Рахатбек Оморов жана башка медицинанын корифейлери катышты.

Жарандар жана каза болгон дарыгерлердин жакындары Мемориалга гүл коюшту.