КММАда чет элдик студенттердин «Бүтүрүү – 2023» салтанаттуу Окумуштуулар кеңеши болуп өттү
Университеттин жашоосу 1 9 Июнь 2023

И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин чет элдик студенттердин окуусун бүтүрүүсүнө арналган «Бүтүрүү – 2023» салтанаттуу Окумуштуулар кеңеши болуп өттү. Жалпысынан быйыл Дарылоо иши факультетин жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга окууга келген 366 адис бүтүрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Медициналык академиянын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору Гүлмира Жумалиева, англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин мурдагы деканы Түгөлбай Тагаев жана факультеттин деканы Толкунбек Баймуратов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Бүтүрүүчүлөр салтанаттуу түрдө Гиппократтын антын жана Кыргыз Республикасынын дарыгеринин антын беришти.

Андан соң иш-чаранын уюштуруучулары тарабынан концерттик программа өткөрүлдү