КММАда академик С.Б.Данияровдун жаркын элесине арналган Окумуштуулар кеңеши болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 28 Февраль 2023

28-февралда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Санжарбек Бакирович Данияровдун жаркын элесине арналган Окумуштуулар кеңеши болуп өттү.

Кеӊештин мүчөлөрүнө окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Профессор академик тууралуу жылуу эскерүүлөрүн айтып өттү. Кеңешке дарылоо иши жана илимий иштер боюнча проректор Маматов Ниязбек жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Жунушалиева Гүлсүнкан, академиктер Дүйшө Кудаяров жана Жайлобаев Асан, ошондой эле С.Б.Данияров атындагы фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын окутуучулар жана окуу жайдын студенттери катышышты.

Белгилей кетсек, соңунда профессор Кудайбергенова Индира «Кесибине берилгендиги үчүн» медалы менен медицина илимдеринин доктору, профессор, академик С.Б. Данияров атындагы фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын башчысы Ирина Коненцти жана кафедранын завучу Чолпон Ураличиеваны Ардак грамота менен сыйлады.