КММАда волонтердук кыймыл боюнча университеттер аралык студенттик конференция болуп өттү
Университеттин жашоосу 2 17 Июнь 2022

Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын конференц-залында окуу жайларда волонтерлуктун ийгиликтүү иш-тажрыйбасын жана тажрыйба алмашуу максатында «Студенттик волонтердук: тажрыйба, перспективалар, инновациялар» аттуу ЖОЖдор аралык студенттик конференция болуп өттү.

Конференцияда окуу жайдын проректору Гүлсүнкан Жунушалиева жана КР Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлү куттуктоо сөз сүйлөп, андан соң КММАнын өнөктөштөрүнө ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Кыргызстандын 6 окуу жайынын студенттери, атап айтканда: К.И.Скрябин атындагы КУАУ, Б.Н.Ельцин атындагы КРСУ, Кыргыз-Түрк Манас университети, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Раззаков атындагы КМТУ жана И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттери волонтердук практика боюнча аткарылган иштер тууралуу презентацияларды көрсөтүштү.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстандагы студенттик волонтердук иш талкууланып, конференциянын жыйынтыгын чыгарып, катышуучулар ЖОЖдор аралык студенттик иш-чара өткөрүү чечимине келишти.