КММАда лицей окуучулары үчүн салтанаттуу жыйын болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 1 Сентябрь 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында, И.К.Ахунбаев атындагы Медициналык академияда лицейдин 10-11-класстарынын окуучулары үчүн Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка болуп өттү.

Студенттерди жаңы окуу жылы менен мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Гүлсүнкан Жунушалиева, ошондой эле лицейдин директору Алтынбек Шамшиев куттукташты. Алар өз сөзүндө студенттерге ден соолук, жакшы окуу жылын каалап өтүштү.

Салтанаттуу иш-чарада академиянын студенттери ыр-бий номерлерин аткарышты.