КММАда “Үй-бүлөлүк дарыгер – саламаттыкты сактоонун жүрөгү” пленардык жыйыны өттү
Университеттин жашоосу 0 24 Май 2023

Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө арналган республикалык конференциянын алкагында “Үй-бүлөлүк дарыгер – саламаттыкты сактоонун жүрөгү” пленардык жыйыны болуп өттү. Жыйынды КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова ачып, андан соң КММАнын ректору Индира Кудайбергенова куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо системасындагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин ролу жөнүндө доклад менен Йоркшир округунун жалпы практикалык Королдук дарыгерлер колледжинин кафедра башчысы, профессор Виджай Кумар, Казакстандын үй-бүлөлүк дарыгерлер ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Дамиля Нугманова биринчи медициналык жардам деңгээлине медициналык кызматкерлерди тартуу жөнүндө айтып берди.

П.Л.Шупик атындагы Саламаттыкты сактоо улуттук университетинин үй-бүлөлүк медицина институтунун директору, профессор Олег Шекера “Украинада саламаттык сактоонун маанилүү манызы” тууралуу баяндап берди, ал эми “Үй-бүлөлүк дарыгер – саламаттыкты сактоонун жүрөгү” баяндамасы менен КММАнын дипломдон кийинки үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын башчысы, профессор Нурлан Бримкулов чыкты.