КММАда «Ректордун кубогу-2022» футболдук турниринин ачылышы болду
Университеттин жашоосу 1 13 Октябрь 2022

2022-жылдын 13-октябрында И.К. Ахунбаев атындагы КММАда жыл сайын өтүүчү «Ректордун кубогу-2022» футболдук турниринин ачылышы болду.

Иш-чараны окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Кеңешбек Ырысов жана мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева ачып беришти. Университеттин жетекчилиги командаларга татыктуу жана калыс оюн каалады.

Эске салсак, турнирге бардык факультеттердин командалары катышып, 2022-жылдын 17-октябрына чейин уланат.