КММАда Smart4 TB долбоору менен таанышуу болуп өттү
Университеттин жашоосу 3 6 Сентябрь 2022

2022-жылдын 6-сентябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын имаратында Smart4 TB долбоору менен таанышуу болуп өттү.

Иш-чарага университеттин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, профессор Гүлмира Жумалиева катышты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө KNCVC өкүлү Бакыт Мырзалиев катышуучуларга кургак учук боюнча изилдөөлөрдү тездетүү, колдоо жана мобилизациялоо тууралуу айтып берди. Кыргызстанда KNCV жана KNCV kg уюмдарынын уюштурулушуна сереп салуу боюнча KNCV kg КФнын директору Муратбек Ахматов, ошондой эле Улуттук фтизиатрия борборунун директорунун орун басары Атыркүл Токтогонова сөз сүйлөдү.

Иш-чаранын катышуучулары университеттин кафедраларынын өкүлдөрү.