КММАда Фармация, ВСО, Педиатрия факультеттеринин «Студенттик катарга өттү» марйрамы болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 15 Ноябрь 2022

2022-жылдын 15-ноябрында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Фармация, ВСО, Педиатрия факультеттеринин студенттерине катарга өтүү салтанаты болуп өттү. 1-курстун студенттерин университеттин ректору, профессор Индира Кудайбергенова, академик Дүйшө Кудаяров жана тиешелүү кафедралардын белгилүү окутуучулары кызуу куттукташты.

Студенттердик катарга өтүүнү майрамдоо биздин өлкөнүн көптөгөн жогорку окуу жайларына жаңыдан кабыл алынгандар үчүн маанилүү иш-чара болуп саналат. Салтанаттуу бөлүк КММАнын студентинин антын берген улуу муундун өкүлдөрүнөн билимдин символикалык ачкычын жана студенттик билетти тапшыруу менен коштолот.