КММАда студенттик катарга өтүү аземи болуп өттү
Университеттин жашоосу 1 14 Ноябрь 2022

2022-жылдын 12-ноябрында КММАнын жыйындар залында МПД жана Стоматология факультеттеринин “Студенттик катарга өтүү” аземи болуп өттү. Куттуктоо сөзүн профессор Индира Кудайберегнова айтты. Иш-чарага окуу жайдын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева, укуктук иштер жана адамдык ресурстар боюнча проректорТемирбек Жуманалиев, ошондой эле декандар катышышты.

Маалым болгондой, концерттик номерлер менен коштолгон мындай иш-чаралар 1-курстун студенттерине жашоонун жана окуунун жаңы шарттарына тез көнүүгө жардам берет.