КММАда "Мисс КММА" сынагы болуп өттү
Университеттин жашоосу 7 27 Май 2022

Кечээ, 2022-жылдын 26-майында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында «Мисс КММА 2022» сулуулар сынагы болуп өттү.

Сынакка университеттин ар кайсы факультеттеринен, анын ичинде англис тилинде окуган дарылоо иши факультетинен, башкача айтканда, чет элдик студенттердин өкүлдөрү баш болгон КММАнын эң сулуу тогуз кызы наам үчүн ат салышты.

Ар кандай сынактардын жыйынтыгында, калыстар тобунун чечими менен “Мисс КММА” наамын Стоматология факультетинин 3-курсунун студенти Аэлита Раимжанова,  вице-мисс наамын  5-курстун студенти Каримова Фарахноз дарылоо иши факультетинин кыздары алышты. Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана анын бардык катышуучуларына медициналык академиянын жана демөөрчүлөрдүн атынан дипломдор жана сертификаттар, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Бул иш-чара эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Мелдештин бардык демөөрчүлөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз. Иш-чаранын уюштуруучулары КММАнын Студенттик Сенаты жана СПК.