Кыргызстандагы медайымдык билимди реформалоого арналган КММАда тегерек стол болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 4 Июль 2022

И.К.Ахунбаева атындагы КММАнын өкүлдөрү: Медайымдык иши кафедрасынын башчысы Мадина Жаманкулова, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Турниса Юсупова Түштүк Корея окуу жайынын профессор Шин Хён Сук жетектеген долбоорунун командасы жана МЕR швейцариялык долбоорунун өкүлдөру менен Медайымдык билим берүү чөйрөсүндө жумуш пландарын талкуулоо үчүн жолугушту.

Жолугушууда ар бир тарап Кыргыз Республикасынын медайымдык билим берүүдөгү пландары, учурдагы иш-чаралар жана реформалоону камсыз кылуу жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүштү.