КММАда бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу Окумуштуулар кеңеши болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 4 Июль 2023

2023-жылдын 3-4-июлунда КММАнын жыйындар залында бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу Окумуштуулар кеңеши болуп өттү.

Гиппократтын антын жалпы Дарылоо иши факультетинин бүтүрүүчүлөрү – 409, педиатрия – 67, жогорку медайымдык билим – 12, педиатрия – 67, стоматология – 265, МПД – 61, фармация – 164, бардыгы болуп 1877 бүтүрүүчү, алардын ичинен 115и артыкчылык диплому менен аяктаган.

Салтанаттуу иш-чарага академиктер Миталип Мамытов, Дүйшө Кудяров, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Рахат Оморов, ректор, профессор Индира Кудайбергенова, медицина илимдеринин докторлору, профессорлор Космосбек Сариев, Вера Тойгомбаева, Абибулла Калбаев жана окуу жайдын проректорлору, кызматкерлери катышышты.

Медицинанын алдынкы ишмерлери, академиянын алдынкы окутуучулары жаныдан бүткөн врачтарга өздөрүнүн каалоолорун айтышты.

Дарыгерлердин бүтүрүү кечеси майрамдык концерт менен аяктады.