КММАда салттуу музыка жумалыгынын алкагында психология жана психосоматикалык медицина боюнча илимий-практикалык конференция өттү
Университеттин жашоосу 0 22 Апрель 2022

2022-жылдын 22-апрелинде Кыргызстандын Медициналык академиясынын актовый залында салттуу музыка жумалыгынын алкагында “Психосоматикалык медицина жана психология. Психосоматикадагы искусствонун синкретизми. Конференцияны КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова ачты.

Иш-чаранын жүрүшундө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Эсенгул уулу Чыңгызга, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбековага, ошондой эле КРнын Эл артисти, искусство илимдеринин доктору, профессор Роза Амановага сөз берилди.

Конференцияда психосоматикалык ооруларды өзүн-өзү башкарууда инсандын ролу, дарылоодо музыка, түс жана арт-терапияны көзөмөлгө алуу, эмоционалдык четтөөлөрдү оңдоо үчүн соматикалык жана психикалык оорулардан жапа чеккен чоң кишилерди жана балдарды реабилитациялоо ошондой эле психосоматикалык ооруларды алдын алууда педагогикалык жана тарбиялык иштердин ролу, ошондой эле диагноз коюуда үй-бүлөлүк дарыгердин ролу жана орду маселелери талкууланды.