КММА көрүнүктүү хирург И.Ахунбаевди эскерди
Университеттин жашоосу 0 5 Январь 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 5-январында Медакадемиянын жамаатынын катышуусунда КММАнын мурдагы ректору, профессор, академик Иса Коноевич Ахунбаевдин эстелигине гүл коюлду. Ал мындан туура 48 жыл мурун дүйнөдөн кайткан.

Чогулгандардын алдында КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова сөз сүйлөдү.

Ал Иса Коноевичтин медицина илимине, практикалык саламаттыкты сактоону өнүктүрүүдө, ошондой эле республикада жогорку квалификациялуу врачтарды даярдоодогу ролун баса белгиледи.