Медакадемиянын лицейинде улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүн белгилешти
Университеттин жашоосу 5 12 Декабрь 2019

Бугун, 12 декбарда КММанын лицейинде улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата "Ачык сабак" өткөрүштү. Сабак учурунда адабият сабагы мугалимдеринин жетекчилиги астында жазуучунун каармандары сурөттөлгөн альбом жасашып, таанымал роман жана повесттеринен үзүндүлөрдү окушту. Мугалимдер окуучуларга жазуучунун өчпөс чыгармачылыгын айтып берүү менен алардын билим сапатын да текшеришти.