Медакадемияда М.Ю.Лермонтовго арналган адабий кече болуп өттү
Университеттин жашоосу 4 9 Декабрь 2019

2019 жылдын 9-декабрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда орус акыны М.Ю.Лермонтовдун чыгармачылыгына арналган адабий кече болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер акындын өмүр таржымалы чагылдырылган кыскача үзүндүлөрдөн аткарып, таанымал ырларынан окушту. 

Айта кетсек, М.Ю.Лермонтовдун чыгармаларын эн жакшы денгээлде сүрөттөө боюнча алдын ала жарыяланган сынактын жыйынтыгы боюнча "Стоматология" факультетинин тобу биринчи орунга, ал эми экинчи орунга "Фармация" факультетинин студенткасы Аслан кызы Курманжан, ал эми үчүнчү орунга "Дарылоо иши" факультетинин тобу ээ болушту.

Иш-аракеттердин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга көркөм китептер тапшырылды. Кече орус тили бөлүмү тарабынан уюштурулду.