Медакадемияда активдүү ыктыярчылар сыйланды
Университеттин жашоосу 4 6 Декабрь 2019

2019-жылдын 5-декабрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын морфологиялык корпусунда Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк ыктыярчылар күнүнө карата “Жамааттар өзгөрүүлөргө умтулууда” аталышындагы флэш-моб өттү. Иш-чарага Медакадемиянын проректору  профессор Кеңешбек Ырысов, Республикалык “СПИД” борборунун директору Үмүткан Чокморова, КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси  Шарипа Суваналиева, Кыргызстандагы БДСУнун өкүлү Назира Артыкова жана Республикалык “СПИД” борборунун  дарыгери Тостуков Эркин чакырылган. Алар болочок  дарыгерлерге бул оорунун жаратылышы, аны менен күрөшүүнүн заманбап ыкмалары, өз ден соолугу үчүнжеке жоопкерчиликти түзүү  жана өлкөдөгү ВИЧ-инфекциянын абалы тууралуу маалымат беришти. Ал эми болочок медицина кызматкерлери СПИДдин көйгөйлөрүн көрүүчүлөргө интермедия аркылуу чагылдырып беришти.

Иш-чаранын алкагында Чет элдик жарандар жана Медициналык алдын алуу иши факультеттеринин жардамы менен фотозоналар уюштурулган, ошондой эле студенттер арасында дубал гезиттер конкурсу жарыяланган. Конкурстун жыйынтыгы менен биринчи орунду -  Pukhraj, Sharik, Azam (ЧЭЖ факультети 5-курс 2-гр), экинчи орунду - Кужанов Аскат, Маликов Данияр, Саламатов Абай (дарылоо факультети 5-курс 2-гр), үчүнчү орунду- Жамшитов Бекболот Рыспек Айкол (Педиатрия факультети 5-курс 9-гр), мындан тышкары эң активдүү ыктыярчылар Саламаттык сактоо министрлигинин жана И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Иш-чара тарбиялык жана массалык иштер бөлүмү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Республикалык "СПИД"борбору тарабынан уюштурулду. Ыктыярчыларга  белек камдоодо көрсөткөн жардамы үчүн  БДСУну баса белгилеп кетпесек болбос.