Медакадемияда салтанаттуу кырдаалда жаны окуу жылы башталды
Университеттин жашоосу 4 5 Сентябрь 2019

2 сентябрь 2019 жылы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында жаны окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Жыйында жогорку окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенова КММАнын окутуучуларын жана студенттерин Билим күнү менен кызуу куттуктады. Ошондой эле, жыйындын катышуучуларын академик Дүйшө Кудаяров жана Абдухалим Раимжанов куттуктап өтүштү. Биринчи курстун студенттерине проректор, декан, орун басарларын жана башка кызматкерлер тааныштырылды.