КММАнын медициналык борборунда Эл аралык оториноларингологдор күнүнө арналган пленардык жыйын болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 6 Октябрь 2022

2022-жылдын 20-сентябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык борборунун жыйындар залында «Оториноларингологдордун илимий бирикмеси» коомдук бирикмесинин Эл аралык оториноларингологдор күнүнө арналган пленардык жыйыны болуп өттү.

Бүткүл Бишкек шаарынын ЛОР дарыгерлеринин кесиптештерин куттуктоо менен кириш сөздү төрага м.и.д., профессор Вадим Насыров айтты. Андан соң куттуктоо сөзүн медицина өкүлдөрү улантып,жаңы дарылардын бет ачары болду. Андан ары м.и.к Шухрат Буваев Азербайжандын Баку шаарында өткөн илимий конгресс тууралуу маалымат берип, кесиптештеринин тажрыйбасы, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө колдонулуп жаткан жаңылыктар менен бөлүштү. Жолугушуу «НООКР» коомдук уюмунун катчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Т.А.Изаеванын куттуктоосу менен аяктады.