КММАнын республикалык диагностикалык дарылоо борборунда гастроэнтерология жана эндоскопия бөлүмү ачылды
Университеттин жашоосу 8 Май 2024
2024 - жылдын 7 майынла И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясынын Республикалык дарт дарылоо борборунда жаңы гастроэнтерология жана эндоскопия бөлүмүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Азыркы күндө бул бөлүм бейтаптарды диагностика жана дарылоонун эң алдыңкы ыкмалары менен камсыз кылуу үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылды. Жаңы ачылган бөлүмдө мыкты адистердин командасы тамак сиңирүү трактыңыздын саламаттыгы үчүн күрөшүүдө сизге жардам берүүгө даяр.
 
Ачылыш аземине Германиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси - доктор Габриэла Геллил, "Улук Эксперттик Кызмат" Фондунун эксперттери: м.и.д. Томас Дирксен (балдар психитариясы, өзгөчө балдар менен иштөө), м.и.д. Сигрид Бетген (анестезиология), м.и.д Вольфганг Коль (дерматовенерология), Кристиан Гукш (медициналык английский), м.и.д Маттиас Брайдерт (гастроэнеторология, эндоскопия), м.и.д. Эрнт Фёрстер (гастроэнтерология, эндоскопия) Джулиан Руф (медициналык техник) жана Медициналык академиянын жетекчилиги, атайы коноктор катышты.
Германиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, доктор Габриэла Геллил бөлүмдүн ачылыш аземи менен куттуктап, буга ректор, профессор Индира Кудайбергенованын салымы зор экенин белгилеп өттү. Ал эми, немец эксперти Маттиас Брайдерт заманбап эндоскопия бөлүмү мурда кандай абалда жана азыркы күндө кандай денгээлде экенин, 100 жыл мурун чыккан электроунаа жана Тесланын 2024 – жылкы кибертрактына салыштыруу менен айтты.