И. К. Ахунбаев атындагы КММА ректорунун кубогун тапшыруу аземи
Университеттин жашоосу 24 Октябрь 2025
Жакында И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Ректордун кубогун тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул иш-чара студенттердин окуудагы, спорттук жана коомдук иштердеги активдүүлүгүнүн жыйынтыгы болду.
Жыйынтыктардын негизинде “Дарылоо иши 2” факультети мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, Ректордун ардактуу кубогуна ээ болду.
КММАнын ректору кубокту факультеттин өкүлдөрүнө жеке өзү тапшырып, алардын жогорку даярдык деңгээлин, ынтымактуу команда экенин жана академиянын коомдук жашоосуна кошкон салымын белгиледи.
“Дарылоо иши 2” факультетин татыктуу жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ийгиликтердин, жетишкендиктердин жана жаңы жеңиштердин болуусун каалайбыз!