КММАнын ректору Германиядан келген эксперт менен жолугушту
Университеттин жашоосу 0 21 Октябрь 2022

Кыргызстандын Медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова Германиядан келген эксперт Петер Каач менен жолугушту.

Жыйында эксперт ректор менен баарлашып, алган таасирлери менен бөлүштү. Ректор өз кезегинде конокту окуу жайга дагы бир жолу келип кетүүгө чакырып, КММА өнөктөштөр менен иштешүүгө жана билим жана илим тармагындагы ар кандай эл аралык иш-чараларга катышууга ар дайым даяр экендигин баса белгиледи. Ал конокко кызматташуусу үчүн алкыш айтып, ыраазычылык катын тапшырды.

Белгилей кетсек, эксперт КММАда үч жума иштеп, илимий изилдөөлөрдү жана ишти өркүндөтүү максатында студенттерге жана мугалимдерге кеп-кеңештерин берген. Ошондой эле, академияда болгон учурда реестрди түзүү боюнча кафедралардын кызматкерлери менен жолугуп, ачык лекцияларды өткөрүп, талкууларга катышты.

Эске салсак, Питер Каач Германиядагы табият жана медицина илимдеринин доктору. Медициналык биометрия, эпидемиология жана информатика институтунда онкологиялык реестрдин директору болуп иштеген.