“Катыш! Танда! Шайла!” кампаниясынын алкагында студенттер менен жолугушуу
Университеттин жашоосу 18 Октябрь 2024

Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан демилгеленген “Катыш! Танда! Шайла!” аттуу кампаниянын алкагында КГМАнын студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү.


Жаштарды шайлоого активдүү катышууга үндөгөн аталган кампания студенттерге келе жаткан 17-ноябрь Жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү боюнча маалымат берилип, добуш берүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.



Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.



Белгилей кетсек, “Катыш! Танда! Шайла!” долбоорун студенттер арасында активдүү ишке ашыруу максатында Кыргызстандын башка дагы жогорку окуу жайларында мындай жолугушуулар өткөрүлүүдө.