КММАнын бүтүрүүчүлөрү дипломдуу адистерге айланды
Университеттин жашоосу 1 4 Июль 2022

Кечээ, 2022-жылдын 5-июлунда филармониянын чон залында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын бүтүрүүчүлөрүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.

Дипломдуу адистерге кайрылуу менен, окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенгенова аларды өз кесибин сүйүүгө чакырды. Жаш адистерди куттуктоо аземине Саламаттык сактоо министри Жаркын Касымбеков, академиктер Дуйшө Кудаяров, Миталип Мамытов, Абдухалим Раимжанов, ардактуу профессор Абдыкадыр Асамбаев, член-корреспондент Рахат Оморов, академик Доктурбек Адамбеков, окуу иштер боюнча проректор, профессор Кенешбек Ырысов келишти.

Ал эми, КММАнын алдындагы Медициналык орто окуу жайынын мүмкүнчүлгү чектелеген бүтүрүүчүлөрүн КРдагы сокурлар жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Канат Жакыпов куттуктап кетти.

Айта кетсек, 1150 дөй бүтүрүүчү дипломго ээ болду, ал эми Дарылоо иши факультети алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген 93 адисти даярдап чыгарды.