АИВ/КИЖС жөнүндө куратордук сабак
Университеттин жашоосу 0 1 Декабрь 2023

Госпиталдык терапия кафедрасы жана гематология курсунун ассистенттери Мусакеев А.О., Тагаева Б.Т., Атабаева Д.Н., Жаныбек к. А. Бүткүл Дүйнөлүк КИЖС Каршы Күрөшүү Күнүнө карата англис тилинде окутулуучу дарылоо иши факультетинин 4-курсун жетектеген топтору менен (39, 42, 46) көзөмөлдүк сабак өтүштү.

Сабактын жүрүшүндө АИВ/КИЖСнун учурдагы глобалдык (анын ичинде Кыргызстанда да) көйгөйлөрү, эпидемиологиялык абалы, жугуу жолдору, ошондой эле АИВ-инфекциясы менен күрөшүүгө багытталган программалары кененирээк талкууланды. АИВ-инфекциясын алдын алуу боюнча чаралар, ошондой эле АИВ-статусу бар бейтаптардын көйгөйлөрү, стигматизацияга жана бейтаптардын укуктарынын бузулушуна каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды. Куратордук сабактын максаты: АИВ/КИЖС жөнүндө студенттердин маалымдуулугун жана сабаттуулугун жогорулатуу!