КММАдагы студенттик илимий ийримдеринин жарманкеси
Университеттин жашоосу 0 10 Ноябрь 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 10-ноябрында, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын морфологиялык имаратында окуу жайдын илимий ийримдеринин (СИИ) жетишкендиктеринин жарманкеси болуп өттү.

Медициналык академияда биринчи курстан баштап эле студенттер илимий иштерге тартылышат. Ийримдердеги сабактар илимий макалаларды туура жазып чыгарууга, медициналык билимди жакшыртууга жардам берет.

Ийримдердин жарманкесин КММАнын Жаш Окумуштуулардын жана Студенттердин Илимий Коому (НОМУС) алты жылдан бери өткөрүп келет, алар студенттер арасында илимди активдүү жайылтууда.

Жарманкеде студенттер – илимпоздор өздөрүнүн илимий жетишкендиктерин көрсөтүшүп, илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктары менен тааныштырышып, 1-курстун студенттери менен жолугушууларды өткөрүштү, СИИнын катышуучуларынын ишмердүүлүгү жана илимий изилдөөлөрүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө айтып беришти.

Ар бир кафедра студенттерди тартуу үчүн өзүнүн программасын даярдашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө алар кызыккан факультеттердин факультативдерине жазыла алышат. Көптөгөн изилдөөлөр дерматология, кардиология, гастроэнтерология, педиатрия, фундаменталдык медицина, хирургия, онкология, үй-бүлөлүк медицина жана башка медициналык тармактардын көйгөйлөрүнө арналган.

Жарманкеге КММАнын ректору, профессор – Индира Кудайбергенова, илим жана дарылоо иштери боюнча проректор Ниязбек Маматов, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева жана Укуктук иштер жана адамдык ресурстар боюнча проректор Темирбек Жуманалиев катышышты.