КММАнын жугуштуу оорулар кафедрасында бүгүн туу жана ак калпак күнү белгиленди
Лекциялар

Эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилер - мамлекеттин Туусу, Герби жана Гимни. 3-март - Кыргыз мамлекетинин Туусунун күнү болсо, 5-март Ак калпак күнү болуп белгиленип келет. И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жугуштуу оорулар кафедрасында бүгүн туу жана ак калпак күнү белгиленди. Кафедранын ассистенти А.Б.Эргешова студенттерге туунун автору жана анда түшүрүлгөн сүрөттүн мааниси тууралуу маалымат берип, кызыктуу талкуу жаралды. Мырзалардын ак калпак кийип келгендиги өзгөчө кубандырды. Желектин бир түстүү кызылдыгы, күн, түндүк, күндөн чачыраган кырк нур тууралуу кызыктуу ой-толгоолор айтылды. Жылына 5-мартта улуттук баш кийимдин маанисин сактоо, сыйлоо, улуттук салтты колдоо максатында Ак Калпак күнү белгиленет. Бул күндү да утурлай байыртадан келе жаткан эркектердин баш кийими тууралуу сөз козгоп ар кайсы куракка тиешелүү калпактын түрлөрү менен тааныштык. Түзүлүшү, оймо-чиймелери өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Азыркы учурда да бул баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат