Ч.Айтматовдун 95-жылдыгына карата
Рубрикасыз

08.12.2023 жылы базистик жана клиникалык фармакология кафедрасынын кураторлору 3 курс педиатрия факультетинин студенттери менен Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына карата иш-чара өткөрүштү. Студенттер залкар жазуучунун чыгармаларына коюлган кинолордун үзүндүлөрүн эң сонун аткарып беришти. Башка тайпанын студенттери, интерактив методунда, катышуучулар канчалык деңгээлде чыгармаларын таанып-билээрин текшериш үчүн, кызыктуу суроо-жооп түзүшкөн. Иш чаранын соңун жазуучунун "Ысык-Көл" деген ыры менен бүтүрүштү.