КММАнын студенттери карылар үйүндө
Рубрикасыз

КММА-нын нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын окутуучулары жана куратордук тайпаларынын студенттери менен карыялар күнүнө карата Бишкек шаарынын "Мээрим" карылар үйүнөн кабар алышты. Карылар үйүндөгү ата- апалардын маанайын көтөрүшүп алар үчүн майрамдык концерттик кечээсин уюштуруп беришти. Ошондой эле агай- эжелердин жана студенттердин бирдиктүү демилгеси менен акча каражаттары чогултулуп аларга дары- дармектер, таттуу- шириндиктери алынып кайрымдуулук катарында карыялар үчүн карылар үйүнө өткөрүлүп берилди. " Мээрим" карылар үйүнүн жетекчилиги тарабынан нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын жалпы жамаатына жана концертти уйуштурууга катышкан студенттерге өздөрүнүн ыраазычылык баракчаларын ыйгарышты.