А.Дж.Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасы
Университеттин жашоосу

А.Дж.Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасы Ак калпак күнүн салтанаттуу белгилешти КММАнын №1 дарылоо иши факультетинин 1- курсунун студенттери жана А.Дж.Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасынын кураторлору тарабынан улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Майрамдын урматына студенттер калапактын тарыхы, түрлѳрү, оюм-чийимдердин мааниси жана түзүлүшү жѳнүндѳ терең маалымат беришип, катышуучулардын кызыгууларын арттыра алышты. Ошондой эле кафедра башчысы Ж.А. Махмудова куттуктоо сөз сүйлөп, ак калпак кыргыздын нарк насилин өзүнө камтыган, көөнөрбөс байлык экендигин белгилеп өттү. Доцент А.С. Турдубекова катышуучуларды майрамы менен куттуктап, мырзаларды ак калпак кийип жүрүүгө үндѳдү. Майрамдык иш чара концерттик программа менен коштолуп, ак калпакка арналган ырлар жана күүлѳр жаңырды