Болочок дарыгерлер карылар үйүнүн тургундарына кубаныч тартуулашты
Университеттин жашоосу

Карылар үйүнө баруу илгертен бери И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жакшы салтына айланган. Биздин студенттер ар дайым чоң ата-чоң энелерге таазим кылып, алардын жашоосун бир аз кубанычтуу жана ар түрдүү кылганга аракет кылып келишет. Муктаждарга жана жалгыздарга кам көрүү коомубуздун турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп, бул да болсо карыларга жашоого ишеним берет. Кечээ жакында Медициналык академиянын педиатрия факультетинин студенттери аскердик-медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасынын кызматкерлеринин жетекчилиги астында Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн мектеп-интернатында болушту. Иш сапардын алкагында студенттер аларга азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүштү, бирок негизги милдет карылар үйүнүн тургундарына концерттик программа тартуулоо менен көңүл буруу жана камкордук көрүү болду. Ошондой эле, кафедра кызматкерлеринин эмгек жамаатынын атынан 12 000 сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлдү. КММАнын студенттери тарабынан кайрымдуулук иштер, балдар жана карылар үйлөрүнө баруу иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.