КММА карылар мекемесинде 8-мартка карата "Гүлдүү бейиш" аталышындагы иш-чара өткөрүштү
Университеттин жашоосу

2022-жылдын 7-мартында Бишкек шаарындагы социалдык карылар мекемесинде Эл аралык айымдар күнүнө карата "Гүлдүү бейиш" аталышындагы иш-чара болуп өттү. И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жугуштуу оорулар кафедрасы жана педиатрия факултетинин 1,2,3,4-группаларынын студенттери уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтүп, тайпаларды конкурстарга даярдоого катышты. Жыйынтыгында мекеменин администрациясы И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын ректору, м.и.д., профессор Индира Орозбаевна Кудайбергенованын атына ыраазычылык катын берди.Анда ректорго жана жугуштуу оорулар кафедрасына мекеменин жашоочуларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик жана бакубат жашоо каалап кетти. Биздин ардактуу карыларыбыз ар дайым ден соолукта болушсун!