КММАда “Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун” аттуу баарлашуу кечеси ѳткѳрүлдү
Университеттин жашоосу

КММАнын №1 дарылоо иши факультетинин 1- курсунун студенттери жана А.Дж.Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасынын кураторлору тарабынан “Тилим барда улутмун, тилим менен улукмун” аттуу баарлашуу кечеси ѳткѳрүлдү.

Баарлашуу кечени КММАнын А.Дж.Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасынын башчысы б.и.д., доцент Махмудова Жылдыз Акматовна ачты. Ал келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө жана баалоого чакыруусу менен коштоду. Баарлашуунун алып баруучусу кафедранын окутуучусу Акынбекова Нуриза Болотовна.

Кеченин коноктору: КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Жунушалиева Гулсункан Ишенгазиевна, КММАнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Наралиева Сапаргул Курсановна, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун ага илимий кызматкер Давлетов Мухтар Самакович жана илимий кызматкерлери Мырзабаева Нурниса Долотбековна, Өмүралиева Жанар Орозалиевна. Таланттуу студенттердин калемине таандык ыр саптары угулуп, ырларга коноктор тарабынан ой пикирлер билдирилди. Коноктор менен студенттердин ортосунда “Манас” эпосунан кызыктуу эпизоддорду табышмак ирээтинде, тилдин кѳйгѳйлѳрү жѳнүндѳ суроо-жооп баарлашуу болду.