КММАнын студенттеринин көркөм окуулары
Университеттин жашоосу

2022-жылдын 12-декабрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасы 12-декабрь заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматов жана көркөм дүйнө” аттуу иш-чара өткөрдү. Студенттердин күчү менен Ч.Айтматовдун бейнесине арналган көркөм окуулар, чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды. Ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармаларына карата тартылган студенттердин сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.