КММАнын жугуштуу оорулар кафедрасында 5-мартка карата Ак калпак күнү белгиленди
Университеттин жашоосу

Бүгүн 2023-жылдын 3-мартында КММАнын жугуштуу оорулар кафедрасында 5-мартка карата Ак калпак күнү белгиленди. Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил - демекчи , 5-март Ак калпак күнү деп улуттук баш кийимдин маанисин сактоо, сыйлоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктуу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Кылым келет күндү, айды арытып, Кыргыз элдин акыл-эсин байытып. Манас кийген, Жакып кийген ак калпак, Жашап барат жыл өмүрүн карытып. Жебе тартыш, ээр сайыш же ат чабыш, Эр Манастан калган оюн сакталып. Ошолордой ак калпакты түшүрбөй, Келе жатабыз ата салтын аткарып.