КММАнын командасы окуу жайлар аралык гистология боюнча олимпиадада 1-орунду ээледи
Университеттин жашоосу

2022-жылдын 28-апрелинде И.К.Ахунбаева атындагы КММАнын Морфологиялык имаратында доцент Кадырбек Мамбетсадыкович Акылбековдун жаркын элесине арналган гистология боюнча олимпиада болуп өттү. Олимпиада КММАнын гистология, цитология, эмбриология кафедра башчысы, профессор З.М. Айдарбекова жана жана КРСУнун гистология, эмбриология, цитология кафедрасынын башчысы, доцент О.П. Калугина баштаган кафедра кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Олимпиадага КММАнын “Люди в белом» командасы жана КРСУнун «Легион» командасы катышты. Иш-чаранын алкагында №2 медицина факультетинин деканы, профессор Зиябидин Айдаров, КРСУнун медицина факультетинин деканы, профессор Анес Зарифян, КММАнын гистология кафедрасынын башчысы, профессор Зифаргүл Айдарбекова сөз сүйлөштү. Олимпиада бир нече этаптан турду: визиттик карточка, практикалык бөлүгү - кырдаалдык тапшырмалар, микропрепараттардын сүрөттөлүшү жана үй тапшырмасы. Калыстар тобунун чечими боюнча 1-орунду Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын командасы ээледи. Ошондой эле, КММАнын командасы «Визитка», «Ситуациялык тапшырмалар» жана «Үй тапшырмасы» номинациялары боюнча 1-орунду ээлесе, «Микропрепараттардын сүрөттөлүшү» номинациясында КММА командасы 1-орунду КРСУнун командасы менен бөлүштү.