“Чептен эрдин күчү бек” окуу жайлар арасындагы конференция
Университеттин жашоосу

Кечээ, 2022 – жылдын 17-февралында Кыргыз Мамлекттик И.К.Ахунбаев атындагы медициналык академияся, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институту, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясы биргеликте Аскер институтунун базасында окуу жайлар арасындагы “Чептен эрдин күчү бек” аттуу илимий практикалык конференция өткөрүштү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова катышты, коргоо министрлигинин, Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкармалыктарынын, аталган жогорку окуу жайлардын ректорлору, профессорлук мугалимдер курамы, студенттер жана курсанттар катышыты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Баткен коогаланында каза болгон эр-азаматтардын жаркын эленсине куран окутулуп, падемия учурунда каза тапкан медицина кызматкерлери эскерилди, коноктор Аскер институтунун “Тарых жана Даңк” залы менен таанышышты. Конференцияда 3 баяндама окулду, белгилей кетсек “Мекен чегин коргоо-ыйык милдет!” баяндамасы менен КММАнын Дарылоо иши факультетинин 4 курсунун студенти Самат Токоев чыкты.

Конференцияга Медициналык академиясынын ректору, профессор Индира Кудайбергенова, окуу иштер боюнча проректору профессор Кенешбек Ырысов, мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева, укуктук иштер жана адамдык ресурстар боюнча проректору Темирбек Жуманалиев жана акердик медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасынын кызматкерлери барышты.