КММАнын алдындагы лицейде 1-сентябрь “Билим күнү” белгиленди
Университеттин жашоосу

Биздин өлкөдө жыл сайын "1-сентябрь" "Билим куну" катары белгиленет. Бул майрамдын аты күз мезгилинин биринчи күнү, Кыргызстандагы орто жана жогорку окуу жайларынын окуу жылынын башталышына ылайык аталып калган.

Билим күнү бул - бардык окуучулардын, студенттердин, алардын ата-энелеринин, мугалимдердин жана окутуучулардын майрамы.

Салтка ылайык билим куну И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы лицейде да болуп өттү. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева жана лицейдин директору Толкунбек Баймуратов куттуктоо сөзүн сүйлөштү, андан кийин майрамдык концерт коюлду.