КММАнын №6 жатаканасынын студенттери Ала-Арча капчыгайына эс алууга барып келишти
Университеттин жашоосу

Сергек жашоо образын калыптандыруу максатында 7-май күнү No6 жатаканада жашаган студенттер коменданттын жана жатакананын кызматкерлеринин коштоосунда Ала-Арча капчыгайына барып келишти. Студенттер алыскы шаркыратмага чыгышып, ар кандай оюндарды ойношуп, кереметтүү жаратылышыбыздын фонунда сонун фотосессия уюштурушту, эс алуу менен бирге эртенки боло турган экзмендерге күч топтошту.

Эс алууну жатакананын коменданты А.Ибраимова жана No6 жатакананын жашоосуна активдүү катышып жаткан стоматология факультетинин 3-курсунун студенти Б.Токтобеков уюштурушту.