КММАда Улуу Ата Мекендик согуштун 77 жылдыгына арналган иш-чара өттү
Университеттин жашоосу

Бүгүн, 2022-жылдын 6-майында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган майрамдык концерт болуп өттү. КММАнын жайкы сахнасында студенттердин жана Аскердик-медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасынын, ошондой эле философия жана коомдук илимдер кафедрасынын кызматкерлеринин аткаруусунда жылуу куттуктоолор, белгилүү патриоттук ырлар жана бийлер, сценкалар жаңырды. Куттуктоо сөздү КР Коргоо министринин орун басары, генерал-майор Акылбек Ибраев, Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, полковник Сатыбек Молдалиев жана ректор, профессор Индира Кудайбергенова айтышты. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Түркенакун Бейшенбаев, Аспек Жумашев, ошондой эле тыл эмгекчилери, Германиядан келген коноктор, проректорлор, университеттин кызматкерлери жана студенттери катышышты. Белгилей кетсек, «Жоокерлердин энелеринин республикалык комитети» коомдук бирикмесинин төрагасы Уулкан Байгубатованын буйругу менен Индира Орозобаевна «Жоокерлердин энелеринин мээрими жана сый-урматы» медалы менен КММАнын Аскердик кафедрасынын кадыр-баркын көтөргөндүгү үчүн жана жаш муундарды аскердик-патриоттук тарбиялоодо кошкон зор салымы учун сыйланды. Коноктор үчүн ашканасы бар согуш жылдарындагы талаа чатыры тигилди.