Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин Эл аралык күнүнө карата КММАда иш-чара болуп өттү
Университеттин жашоосу

Ар бир тил өзүнө ыйык, өзүнчө керемет. Дүйнөдө канча тил босо, ошол тилде сүйлөгөн улуттун баары өз эне тилинин түбөлүктүүлүгүн көздүн карегиндей сактоого, урпактарга улуу мурас кылып берүүгө аракеттерин жасап келет. Кыргыз эли да улуу эл катары өз эне тилинин түбөлүктүүлүгү үчүн бир топ тарыхий оор кырдаалды башынан өткөргөн. Мындай тарыхий мурас бүгүнкү күнү да учугун үзбөй уланып, жаштардын дилине эне тилдин ыйыктыгын сиңирип, аны жүрөктүн деми менен бирге соккудай кылып жашоо үчүн мекенчил жаштардын колдоосу менен салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп келет.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечеиминин негизинде кыргызстанда жашаган бардык улуттардын эне тилдерин натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында КРдин БИМинин 2021-жылдын 15-февралындагы №133/1 буйругуна ылайык, 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин Эл аралык күнүнө карата И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын Аскердик-медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасында окуу жайдын Педиатрия факультетинин студенттери салтанаттуу иш-чара өткөрүштү.